• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ноокатта окуучулар 3 күн суук класстарда окуган. Министрлик түшүндүрмө берди

Аймак 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүндөгү Төрөбай Кулатов атындагы орто мектептин окуучулары эмне үчүн суук класстарда билим алышкандыгын түшүндүрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, 2023-жылдын 24-25-26-январь күндөрү Ынтымак айылында саат 8.00дөн саат 10.00гө чейин жана мезгил-мезгили менен электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган.

“Ошол учурда мектептин буу казанындагы сууну айдоочу насостор иштебей калгандыктан мектептин имараты муздап калат. Кайрадан жылуулук берилип, толук кандуу ысыганга чейин эки саатка жакын убакыт кетет. Бул мезгилде класстарда температура нормага жетпей жаткан”, - деп айтылат маалыматта.

Айыл өкмөтү тарабынан жылытуу мезгилине керектелүүчү БСШ үлгүсүндөгү 90 тонна көмүр түшүрүлгөн.

“Ошондой эле акыркы 2 күндө айыл өкмөтү тарабынан БК үлгүсүндөгү көмүр алып келинди. Учурда мектептин класстарында температура +17, +18 градусту түзөт. Мындан сырткары, окуу класстарына кошумча жылыткычтар коюлуп, жылытылууда. Окуу процесси эч кандай үзгүлтүккө учураган жок”, - деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, мурдараак ЖМКда Т.Кулатов атындагы мектептин окуучулары суук класстарда билим алып жаткандыгын айткан ата-энелердин билдирүүлөрү камтылган маалымат тараган. Алар балдар билим алган класстарда абанын температурасы болгону +7 градус болуп жаткандыгын айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий