• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ноокатта өрттөн бир адам каза болду – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Ош облусунун Ноокат районундагы Барын айылында турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Ведомстводон кабарлашкандай, тилсиз жоодон турак үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен.

Өрттүн кесепетинен 1976-жылы туулган эркек киши каза болду. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Андан тышкары, Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгекчил айылындагы үйлөрдүн биринин 3 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби - жылытуучу меш жана мордун туура эмес түзүлүшү.

Пикир

Оставить комментарий