• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокатта санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ноокат райондук администрациясы менен Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн биргелешкен иш-мерчеминин негизинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Коронавирус жугуштуу илдетинин алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу боюнча коомдук жайларда, эл көп топтолуучу жана эс алуучу туристтик аймактарда, сууга түшүүчү жайларда, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун жана социалдык аралыкты сактоо боюнча эскертүүчү тактайчалар жана жарнамалар илинүүдө.

Пикир

Оставить комментарий