• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ноокатта сарайда чыккан өрттөн бир уй жана торпок күйгөн – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Ош облусундагы Ноокат районунун Кеңеш айылында жалпы аянты 48 чарчы метр сарай толугу менен өрттөнгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен 70 түк жыйылган чөп, бир уй жана торпок күйгөн.

Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Пикир

Оставить комментарий