• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ноокатта социалдык жактан аз камсыз болгон билим берүү кызматкерлерине колдоо көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Кун мурун, 1-май күнү, Ноокат районунда "Бир өлкө, бир үй-бүлө" аталышындагы ураандын астында билим берүү мекемелериндеги социалдык жактан аз камсыз болгон кызматкерлерге колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Зайнабидин Мамасадыков билдиргенин Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Анын маалыматы боюнча, Ноокат районунун аймагындагы мектепке чейинки жана жалпы мектептерде иштеген аз камсыз болгон мугалимдерге ЖК депутаты Т. Зулпукаровдун атынан 3 миң даана жана Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Борко айылынын тургуну, жеке ишкер Тариел Каримовдун демөөрчүлүгү менен 2 миң даана соцпакет даярдалып, таратылган.

Пикир

Оставить комментарий