• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокатта Toyota Corolla унаасы оодарылып, эки адам жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Ноокат районунда жол кырсыгы катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 16-чакырымында Toyota Corolla үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы Ош шаардык ооруканага алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий