• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ноокатта тыюу салынган уюмга тийиштүү материал тараткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Ноокатта тыюу салынган диний экстремисттик уюмга тийиштүү материалдарды тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан социалдык тармактарга анализ, талдоо жүргүзүп жаткан учурда "инстаграм" социалдык тармагында Ноокат районунун 23 жаштагы тургуну А.у.А. аттуу жаран өзүнө таандык болгон атайын Фейк аккаунт даярдап, ошол аккаунт аркылуу социалдык тармактарда "Хизбут-Тахрир-Аль Ислами" уюмуна тийиштүү ар кандай видеотасма аудио жазууларды таркатып жана аларды колдоп жүргөндүгү аныкталган.

Аталган маалымат Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-берененин ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Дайындалган комплекстүү лингвистикалык жана дин таануу экспертизанын жыйынтыгынын негизинде А.у.А. атуу жаран Ноокат РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий