• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокатта вирусологиялык лаборатория ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Ноокат райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда вирусологиялык лаборатория ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын “COVID-19 учурунда чукул жардам” долбоорунун алкагында курулган.

Министрликтен белгилешкендей, лаборатория ILAB маалымат системасына туташтырылган.

“Бул лабораториялык маалыматтык тутумдун артыкчылыгы - паспорттук маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системасы менен туташып, техникалык каталарды жокко чыгарат. Система бейтаптын паспорттук маалыматтарын өзү киргизет. Бейтаптар лабораторияга келбей эле ПЧР анализинин жыйынтыгын өздөрү басып чыгарып, ала алышат, бул адамдар менен ашыкча байланышты жокко чыгарат. Бул лаборатория жана бейтап үчүн да ыңгайлуу. Кошумчалай кетсек, бул лабораториялар “COVID-19суз саякаттоо” тиркемесине туташтырылган”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, республика боюнча бардыгы болуп 10 жаңы ПЧР лабораториясын куруу пландаштырылууда. Учурда 6 лабораториянын курулушу аяктады (Каракол, Талас, Ысык-Ата, Жайыл, Сокулук, Ноокат).

"Келечекте бул лабораториялар коронавирустук инфекциянын лабораториялык диагностикасынан тышкары башка инфекцияларды (сасык тумоо, кызамык, кызылча, гепатит ж.б.) ПЧР аркылуу аныктайт деп күтүлүүдө", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий