• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокатта жол кырсыгынан 2 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Ноокат районунда Ош – Баткен – Исфана унаа жолунун 22-чакырымында оор жүк ташуучу КамАЗ жана Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен Hyundai Porter унаасындагы 2 эркек киши жабыркаган, учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандарды тез жардам кызматы Ноокат райондук ооруканага алып кеткен.

Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий