• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокаттагы жол кырсыгынан каза болгондордун саны алтыга жетти

Кырсык 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Ноокаттагы жол кырсыгынан каза болгондордун саны алтыга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-июнь күнү саат 11:35 чамасында Ош облусунун Ноокат районундагы Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 23-чакырымында Honda-Fit жана Daewoo-Matiz үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен жеринде 3 адам каза болуп (2 аял, 1 эркек), 3 кичинекей бала ооруканада каза болгон (2016-жылы туулган, 2021-жылы туулган, 2006-жылы туулган), жалпы 6 адам каза болгон.

Мындан сырткары, 6 бала жабыркап, Ош шаардык ооруканасына (2006-жылы туулган, 2004-жылы туулган, 2006-жылы туулган) жана Ноокат райондук ооруканасына (2014-жылы туулган, 2018-жылы туулган, 2005-жылы туулган) жаткырылган.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-июнда ӨКМ Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 22-чакырымында ири жол кырсыгы катталгандыгын, кырсыктын кесепетинен бир аял, эркек киши жана жаш бала каза болгондугун, ошондой эле дагы эки эркек киши оор жаракат алгандыгын кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий