• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ноокен: Асыл тукум уйлардан төл алынууда

Аймак 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Быйыл Ноокен районунда асыл тукум мал былтыркы жарым жылдыкка караганда үч эседей ашыкча уруктандырылды. Бул тууралуу райондук айыл чарба башкармасынын башчысы Аскат Асанов билдиргендин, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, быйылкы алты айда райондо иштеген уйларды куудуруучу жети пунктта асыл тукумдуу 104 баш уй жасалма жол менен уруктандырылды. Малды уруктандыруучу асыл тукум уруктар КРнын Мал чарбачылыгы жана жайыттар илим-изилдөө институтунан алынып келген.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 6 айда 40 баш уй уруктандырылган.

Пикир

Оставить комментарий