• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ноокен: Базарлар дезинфекциялоого жабылды

Аймак 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-июлда Ноокен районундагы азык-түлүк жана кийим-кече базарлары санитардык күнгө жабылды. Бул тууралуу бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Зияда Юлдашева билдиргендигин, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, санитардык күн райондун Кочкор-Ата шаары менен район борборундагы базарларда болууда. Ал жерлерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий