• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокен базарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу бойлоруна эскертүү тактайчалар орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20 /Кабар/. Ноокен базарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу бойлоруна эскертүү тактайчалар орнотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБинин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин алдын алуу максатында базар аралап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Милиция кызматкерлери соодагерлерди санитардык нормаларды сактоого чакырышып, медициналык каражаттарды колдонуу керектигин эскертишти. Ошондой эле беткабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилип, жергиликтүү тургундарды негизсиз көчөдө жүрбөй, зарыл жумуштары болбосо үйдө болууга үндөштү.

Мындан сырткары, жазгы эс алууларды болтурбоо, өспүрүмдөр арасындагы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу багытында жумуштар жүргүзүлүп, каналдардын, чоң арыктардын кооптуу аймактарына эскертүү тактайчалар орнотулду. Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын онлайн сабактарын окуу менен ар ким өз үйүндө болуусу керектигин эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий