• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ноокенде милиция мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапты

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Ноокенде милиция мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБнин жана УКМКнын Ноокен району боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам чалгындоо иштеринин жыйынтыгында Ноокен районунун аймагында К. аттуу жаран мыйзамсыз ок атуучу куралды жана ок-даарыларды сактап жүрөт деген маалымат алынган. Аталган маалымат 2021-жылдын 2-апрелинде КР Жазык кодексинин 253-беренсинин 1-бөлүгүнүн (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде Ноокен РИИБинин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөө тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде К. аттуу жаран Ноокен районунун тургуну 1962-жылы туулган Д.М. экендиги жана анын жашаган дареги такталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ноокен райондук тергөө судьясынан 2021-жылдын 6-апрелинде “Турак жайды тинтүүгө алуу” токтомунун негизинде берилген уруксатка ылайык, шектүүнүн жашаган үйүнө жана короосуна тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда мыйзамсыз, эч кандай уруксат кагаздары жок сактап жүргөн “Белка” үлгүсүндөгү №Р3723 сандуу ок атуучу курал, төрт даана гильза жана даана ок алынган. Табылган ок атуучу куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий