• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокен милициясы тарабынан Ноорузга карата спорттук иш-чара өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан “Милиция – менин досум, коргоочум, Спорт менен дени сак да болосуң” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нооруз майрамынын алдында уюштурулган спорттук таймашка Кочкор-Ата шаарынын жана Момбеков айыл аймагындагы 9 мектептин окуучулары катышты.

Жаш өспүрүмдөр спорттун 5 түрүнөн: кичи футбол, аркан тартмай, гиря көтөрүү, кыздар жана балдар арасында кол күрөш, аралыкка чуркоо боюнча күч сынашты..

Спорттук иш-чаранын жүрүшүндө Ноокен РИИБдин начальнигинин орун басары Эдилбек Жаркынбаев сөз сүйлөп, катышуучуларды Нооруз майрамдары менен куттуктады. Ошондой эле спорт ден соолукту, ынтымакты бекемдей тургандыгын белгилеп, мектеп окуучуларынын достугун арттыруу жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында бул иш-чара уюштурулгандыгын айтып өттү.

Оюндардын жалпы жыйынтыгы менен эң көп упай топтогон №15 Беки уулу Семетей орто мектебинин курама командасы кубокту жеңип алышты. Жеңүүчүлөргө милиция кызматкерлери тарабынан даярдалган медалдар, диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий