• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ноокен: Пенсия өз убагында берилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.07.20./Кабар/. Ноокен районунда 10-июлдан тарта пенсионерлер июль айынын пенсияларын ала баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, пенсионерлер пенсияларын “Кыргызпочта” мамлекеттик ишканасынын райондук филиалынан жана айыл-кыштактардагы почта бөлүмдөрү менен банктардын банкоматтарынан алышууда.

Белгилүү болгондой, райондо 11500дөн ашуун пенсионер адамдар бар.

Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да кезектеги жөлөк пулдары төлөнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий