• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокен районуна жаңы аким дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна жаңы аким болуп Ишенбеков Таалай Ишенбекович дайындалды. Тийиштүү буйрукка кечээ, 7-сентябрь күнү президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн жаңы район акимин КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жамаатка жана мекеме-ишкана жетекчилерине тааныштырды.

Облус өкүлү буга чейинки мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизинде ротация аркылуу келген Нурлан Шаршеналиев аз убакыттын ичинде өзүнүн аймакты өнүктүрүүдөгү иш билги жөндөмүн көрсөтө алгандыгын белгиледи. Жаңыдан дайындалган Таалай Ишенбековдун жумушуна ийгилик каалап, райондун ар тараптуу өнүгүүсүндө жигердүү аракеттенүүгө чакырды.

Таалай Ишенбеков буга чейин Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген. Ал эми Ноокен районун жетектеп келген Нурлан Шаршеналиев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий