• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокен районунда 25 жаштагы Алина Абдумомунова изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясы Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Алма айылынын тургуну 1996-жылы туулган Абдумомунова Алина Эмилбековна издейт.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, ал 2022-жылдын 6-январында саат 08:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Алина Абдумомунованын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, оронуп алган болушу мүмкүн.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү баш кийим жана шарф, сары түстөгү күрмө, кара түстөгү шым.

Дайынсыз болуп жаткан Алина Абдумомунова тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: 102, (03734) 5 05 44, 0555 00 31 00, 0771 46 04 61.

Пикир

Оставить комментарий