• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокен районунда бейтаптарды дарылоо үчүн төрт жүздөн ашуун орун даярдалды

Аймак 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда бейтаптарды дарылоо үчүн төрт жүздөн ашуун орун даярдалды. Бул тууралуу Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев билдиргендигин, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, даярдалган орундардын 228и бейтаптарды жаткырып дарылоого, ал эми 194ү күндүзү кабыл алууга ылайыкталган.

Ноокен аймактык ооуканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 20 орун, Кочкор-Ата облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүү борборунда 105 орун, Сакалды айылдык ооруканасында 18 орун, Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 20 орун, Кочкор-Ата аймактык оорукансынын терапия бөлүмүндө 30 орун, Бүргөндү айылдык ооруканасында 35 орун уюштурулду.

Бейтаптарды күндүзгү кабыл алуу үчүн райондун аймагындагы 17-үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда 41 орун, Масы айылдык спорт комплексине 50 орун, Кочкор-Ата шаарындагы спорт комплекске 53 орун, "Кыргызнефтегаз" ААКнын профилакториясына 50 орун даярдалды.

Район башчысынын айтымында, 6-июль күнү райондук штабдын 28-отуруму өтүп, аткарылып жаткан иш-аракеттерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий