• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокен районунда дан эгиндерин оруп-жыйноо иши кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Ноокен районунун талааларында дан эгиндерин оруп-жыйноо иши кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Жала-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондун бир нече айыл аймактарында атап айтканда, Достук, Бүргөндү, Момбеков, Ноокен, Сакалды айыл өкмөттөрүнүн жеке жана кооперативдик, фермердик дыйкан чарбалары кылкандуу дан эгиндерин жыйноо ишин аяктап коюшту. Алар буудай, арпанын самандарын таңгакташып, кыштык тоютка камдап, үйлөрүнө жыйып алышты. Бошогон аңыздарды айдашууда. Арал жана Масы айыл аймактарынын дыйкандары бошогон беш гектардан ашык аянтына экинчи түшүм иретинде сабиз жана маш өсүмдүгүн эгишти. Ал эми райондун Шайдан, Арал, Масы айыл аймактарында күздүк жана жаздык, кайрак жердеги буудайларды, арпаны оруу иши улантылууда.

Райондук айыл чарба башкармасынын башчысы Аскат Асанов билдиргендей, райондун Ноокен айыл өкмөтүндөгү “Ноокен” жана Сакалды айыл аймагындагы “Нагдай”, Шайдан айылындагы “Кенч” үрөнчүлүк чарбалары ар бир гектар буудайдан 50, 35 жана 32 центнерден түшүм алып, өз чарбаларынын мүчөлөрүнө үлүш аянттарына жараша буудай бөлүштүрүп беришти.

Учурда кайрак буудайлардын түшүмдүүлүгү райондо гектарына 24,3 центнерден айланганы менен райондогу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү 39, 5 центерге барабар болууда.

7-июлга карата Ноокен районунда быйыл жергиликтүү калктын азык-түлүк коопсуздугу үчүн камдалмакчы болгон 5894 тонна буудайдын 4351 тоннасы жыйналып алынды.

Район боюнча быйыл дан эгиндери 1684 гектар жерге өстүрүлгөн. Буудайларды оруп-жыйноого жергиликтүү беш жана башка жактарган келген сегиз комбайн катышты.

Пикир

Оставить комментарий