• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ноокен районунда социалдык шаарчанын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылында социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, социалдык шаарчанын курулушу "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып, анда 100 батирлүү 25 турак үй курулат.

Бүгүн шаарчанын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, коомдук бирикменин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Облус башчысы бул ири долбоордун алкагында коомдун аярлуу катмарындагы муктаж жесир жана кѳп балалуу жалгыз бой энелер үчүн бардык шарттары түзүлгөн турак үй салынып жатканын айтты.

"Жергиликтүү бийлик тарабынан социалдык шаарчага 3 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилди. Мындагылардын бош убактыларын туура пайдалануусу үчүн 100 орундуу тигүү цехи, ФАП, мечит, дүкөн жана футбол аянтчалары да каралган. Көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн коомдук бирикмеге ыраазычылык билдирем. Курулуш иштери аяктаса турак үйлүү болгондордун түйшүк жеңилдейт", - деди Абсаттар Сыргабаев.

Белгилей кетсек, Сакалды айылындагы социалдык шаарчанын курулушун бүткөрүү октябрь айына пландалган.

Пикир

Оставить комментарий