• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокен районунда төрөт үйүнүн жаңы имараты ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ноокен районундагы төрөт үйүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, эки кабаттуу имарат 50 орунга ылайыкталган жана 3 төрөт бөлмөсү, операциялык блок жана палаталарды камтыйт.

Акылбек Жапаров 2023-жылы негизги басым социалдык объектилерди, анын ичинде ооруканаларды, медициналык борборлорду курууга жасаларын айтты.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, ошондой эле ишкананын жаңыланган профилакторийинин ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, жыл ичинде аталган профилакторийде «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун 800дөн ашуун кызматкери дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий