• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокен районунда унаа сууга агып, айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Ноокен районунун Ак-Жийде айылындагы сууга “Матиз” үлгүсүндөгү унаа агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 20-майда болжол менен саат 04:09 чамасында катталган.

“Унаадагы 1998-жылы туулган Рустам Масудовду жергиликтүү тургундар куткарып алышкан. 1965-жылкы М.Э аттуу айдоочуну сел агызып, жансыз денеси табылган”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий