• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокен районунда узундугу 5300 м канал пайдаланууга тапшырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда узундугу 5300 м «Келечек» каналы пайдаланууга тапшырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча «Келечек» каналынын ачылышы менен 1379 гектар жерди өздөштүрүү жакшыртылат, келечекте кошумча 1025 гектар жерди өздөштүрүү камтылат. Жыл ичинде сууну жоготуу 1993 миң куб метрге чейин азаят. Иш чаранын ачылышына өтүп бараткан жуманын дем алыш күндөрүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында катышты.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундарды каналды ачылышы менен куттуктап, Өкмөт мелиорация системасын модернизациялоо жана калкты сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында бир катар тийиштүү иш чараларды жүргүзүп жаткандыгын белгиледи. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу менен өлкөнүн чек арасын бекемдөөгө, ички миграцияны азайтууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, 2017-жыллы бир катар ирригациялык объектилерди пайдаланууга тапшыруу даярдалууда, жакында эле Өкмөт 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны бекитти.

«Аталган программага 58,8 млрд. сом бөлүнүп, 65,7 миң гектардан ашык жаңы сугат жер ишке кирет. Жерди суу менен камсыз кылуу 51,6 миң гектарга көбөйүп, 9,5 га насос менен сугарылуучу жерлер өз нугу менен агып келүүчү каналдар менен сугаруу системасына алмашылат, жердин мелиоративдик абалы 50 миң гектарга көбөйөт. Бул программага Жалал-Абад облусу боюнча 13,6 млрд сомдук 7 объект киргизилди: 3 канал, 3 суу сактагыч, бир БСР жана 15,2 гектарга ылайыкталган бөлүштүргүч тармак», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы өлкө Президентинин колдоосу менен бир катар инвесторлор суу чарба объектерин курууга инвестиция салууга даяр экендигин баса белгиледи. Кытай тараптан берилген каражатка жалпы суммасы 32 млн АКШ долларлык алты ирригациялык объектин курулушу башталды. Ушундай эле долбоорлор башка донорлор тарабынан берилген каражаттын эсебинен ишке ашууда.

Сооронбай Жээнбеков Өкмөт тарабынан ирригацияны өнүктүрүү жана суу системаларын пайдалануга берүү боюнча иштер уланып жатканын билдирди.

2013-2017-жылдары Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жана иштелип жаткан 2040-жылга чейин өнүгүүнүн жаңы стратегиясынын алкагында өлкөнүн ирригация тутумун өнүктүрүүгө жана суу системасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда. Мындай ирригациялык ири долбоорлордун бири 2017-жылдын апрелинде пайдаланууга берилген Баткен облусунун Кадамжай районундагы Актурпак айылында жайгашкан Бүргөндү ирригациялык байланыш массиви болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий