• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокен районунда жарандык коргонуу боюнча машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жарандык коргонуу боюнча машыгуу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгууга облус башчысы Абсаттар Сыргабаев катышып, командалык-штабтык машыгуунун жүрүшү жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык чараларын көрдү.

“Республикалык деңгээлде өтүп жаткан машыгуунун максаты жарандык коргонуу иш мерчемдеринин тактыгын жана аныктыгын текшерүү, жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар шартында даярдыкты чындоо болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий