• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ноокен районунда жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.18. /Кабар/. Ноокен районундагы Масы айыл аймагынын Масы айылындагы К.Султанов көчөсүндө эки унаа кагылышып, бир адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 17-январда болжол менен саат 13:26 чамасында катталган.

““Тойота” жана “Тико” үлгүсүндөгү эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада бир жүргүнчүнүн буту кыпчылып калган. Куткаруучулар жабыркаган адамды унаадан чыгарышып, ооруканага жеткиришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий