• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокен районундагы Кара-Булак айылында жыгач мамычалар жаңыланды

Аймак 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кара-Булак айылында жыгач мамычалар жаңыланды. Бул тууралуу «Жалал-Абатэлектр» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күз-кыш айларына карата даярдыктар облустун бардык аймактарында пландалган жумуштардын негизинде уланууда.

«Ноокен район электр тармактар ишканасы 240 абоненти бар Кара-Булак айылындагы эскилиги жеткен жыгач мамычаларды жаңы бетон мамычаларга алмаштырды. Аталган айылда 10 кВ чыңалуудагы 14 даана мамыча жаңыланып, 600 метр электр зымы кайрадан калыбына келтирилди. 10 кВ Сары-Куш аба чубалгысы 1973-жылдары курулган», - деп айтылат билдирүүдө.

Жыл башынан бери бул райондо 10 кВ 118даана , 0,4 кВ 220 даана жалпы 338 даана эски мамычалар жаңыланды.

Белгилей кетсек, жалпысынан «Жалалабатэлектр» 3 000 даана электр мамычаларын жаңылады.

Пикир

Оставить комментарий