• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокен районундагы Кара-Кол дарыясына жаңы көпүрө курулду

Аймак 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кара-Кол дарыясынын үстүндө жаңы көпүрө курулуп, ачылышы аземи болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага жергиликтүү калк, айыл өкмөттөр жана пилоттук Кочкор-Ата токой чарбасынын өкүлдөрү катышты.

Көпүрөнүн курулушуна долбоордун алкагынд 3,3 млн сом каралып, узундугу 16 метрди түзгөн жаңы көпүрө курулду.Көпүрө алыскы жайыттарга коопсуз жетүүнү, токой азыктарын - козу карын, дары чөптөрдү жыйноого, ошондой эле токой кызматкерлеринин токойлорду калыбына келтирүү жана өрткө каршы иштерди жүргүзүүсүн камсыз кылат.

Белгилей кетсек, көпүрөнү курууда жергиликтүү жамаат, айыл өкмөтү жана пилоттук токой чарба активдүү катышып ар тараптуу жардам көрсөттү. Алардын жардамы менен көпүрө үчүн металл конструкциялары жана курулуш материалдары жеткирилип, узундугу 13 чакырымды түзгөн өтүү үчүн кыйын болгон жолго оңдоо иштери өткөрүлгөн.

Эске салсак, Каракол, Баткен, Токтогул жана Кочкор-Ата токой чарбаларынын аймагында Токой чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан “Кыргызстандагы токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорунун техникалык жардамы менен 4 көпүрө курулду.

Пикир

Оставить комментарий