• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ноокен районунун Кара-Булак айылына 220 орундуу мектеп ачылды

Коом 0

Бишкек, 06.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-августа Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ноокен районуна караштуу Кара-Булак айылындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземинде мектеп билим менен илимдин бешиги экенин белгилеген төрага Мамытов: "Бүгүнкү күндө мындай социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөбүздүн өнүгүү стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Анткени, заманбап мектептер элибиздин жашоо сапатын жогорулатуу менен өлкөнүн экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү", - деди.

Ошондой эле ал аталган окуу имаратын курууга көмөктөшкөн "Ассанабил" эл аралык кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирип, мугалимдер жамаатына да ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек, өткөн жылы пайдубалы түптөлүп, быйыл ишке берилип жаткан аталган мектептин кошумча имараты 220 окуучуга ылайыкташкан.

Пикир

Оставить комментарий