• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ноокен районунун Масы айылында 150 орундуу жаңы мектеп ачылды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Бүгүн,1-июнда Ноокен районунун Масы айылында 150 орундуу жеке менчик мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, башталгыч класстар үчүн жаңы мектеп Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык насыясы менен курулду.

Иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Россия Федерациясынын президентинин аппаратынын аймактар аралык жана чет мамлекеттер менен маданий байланыштар боюнча орун басары Антон Рыбаков, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Президенттин облустагы өкүлү билим берүү мекемесинин ачылышы бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жеткинчектерге жана жергиликтүү тургундар үчүн чоң белек болгонун айтты. Өкүл фонддун Жалал-Абад облусундагы ар тармактуу натыйжалуу кызматташтыгына токтолуп, ыраазычылык билдирди.

Мындан сыртканы, аталган фонд айылдагы жеке менчик медициналык борбордун заманбап жабдыктарын алууга көмөк көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий