• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ноокен жана Аксы милициясы өспүрүмдөр арасында спорттук мелдеш уюштурду

Аймак 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Ноокен жана Аксы милициясы өспүрүмдөр арасында спорттук мелдеш уюштурду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБнин Балдар иштери боюнча инспекциясы тарабынан "Милиция – менин досум, коргоочум. Спорт менен дени сак да болосуң" аталышындагы мелдеш уюштурулду. Ага Ноокен жана Сакалды айыл аймактарындагы 11 мектептин окуучулары катышышты. Жаш өспүрүмдөр арасындагы мелдеш спорттун 5 түрүнөн өткөрүлдү. Алар футбол, аркан тартыш, гиря көтөрүү, кыздар, балдар арасында кол күрөш жана аралыкка чуркоо.

Спорттук мелдештин жүрүшүндө Ноокен РИИБнин башчысынын орун басары Эдилбек Жаркынбаев сөз сүйлөп, иш-чара кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаштарды биримдикке чакыруу максатында уюштурулгандыгын айтып өттү.

Оюндардын жалпы упайлык көрсөткүчүндө өздөрүнүн активдүүлүгүн, шамдагайлыгын көрсөтүп №38 А.Тургунбаев атындагы орто мектебинин курама командасы 1-орунду багындырып, кубокту жеңип алышты. 2-орунду №9 Паяз атындагы орто мектеби ээлесе, 3-орунду №7 А.Төрөгелдиев атындагы орто мектебинин окуучулары камсыз кылышты.

Спорттук иш-чара Аксы РИИБнин кызматкерлери тарабынан дагы уюштурулуп, уландар жана кыздар арасында волейбол өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө милиция тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий