• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда акимдердин жаңы орун басарлары дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда акимдердин жаңы орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалымака ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары болуп Эрмекбай Омошев, социалдык маселелер боюнча Асел Сансызбаева дайындалды.

Буга чейин Эрмекбай Омошев Сузак районунун акими, Асел Сансызбаева министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси кызматында эмгектенип келген.

Ал эми Ноокен районунун акиминин биринчи орун басары кызматына Жайнак Немат уулу келди. Аларды бүгүн облус башчысы Абсаттар Сыргабаев эмгек жамаатка тааныштырып, ийгилик каалады. Аймактын ар тараптуу өнүгүүсүндө жоопкерчилик менен жигердүү иштөөгө чакырды.

Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары Нургазы Нармырзаев Талас районунун акими кызматына которулган. Дагы бир орун басары Замира Адышова өз арызы менен кызматтан кеткен. Ноокен районунун акиминин биринчи орун басары аттестациялоонун жыйынтыгы менен жумуштан алынган.

Пикир

Оставить комментарий