• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокенде 10 жашар кызды зордуктоого шектелип 20 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Ноокен районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 20 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

28-январь күнү Ноокен райондук милициясына Ноокен районунун тургуну кайрылып, ал күнү болжол менен саат 17.00дө анын 10 жаштагы кызын, мектептен чыгып, үйүнө бара жаткан учурда 20-25 жаштагы бейтааныш бала коркутуп, күч колдонуп зордуктап кеткенин билдирген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 161-берене ("Зордуктоо") боюнча каттоого алынган. Сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

"Бул кылмышка шектүү катары Ноокен районунун 20 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп кылмышка тиешелүү делген далил буюмдар табылган. Андан сырткары жабырлануучу шектүүнү тааныгандыгы тууралуу көрсөтмө берген. Кечээ, 5-февраль күнү Ноокен райондук сотунун чечими менен шектүү 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти облустук милициядан.

Пикир

Оставить комментарий