• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокенде 10 жаштагы өспүрүм үйүлгөн пахтага тумчугуп калган

Кырсык 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Жалал –Абад облусунун Ноокен районунун Сакалдуу айылында 28-октябрь күнү 10 жаштагы өспүрүм үйүлгөн пахтага тумчугуп калган.

“Кабар” маалымат агенттигине облустук ИИМ башкармалыгынан кабарлашкандай, 2008-жылкы өспүрүм бала ата-энеси талаада иштеп жүргөн кезде коңшусунун короосунда ойноп жүргөн.

Маалыматка ылайык, короодо 3 тоннадан ашык пахта төгүлүп жаткан. Бала ошол пахтага чыкканда ичине кирип кетип, тумчугуп калган. Аны ата-энеси талаадан келип, баланы издеп жаткан кезде таап алышкан.

Аталган факты ИИБде кокустук учур катары катталган.

Пикир

Оставить комментарий