• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокенде 20 жаштагы бала марихуана менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 3-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда 20 жашар бала 1 килограмм 70 грамм марихуана менен кармалды.

Жалал-Абад облусунун ички иштер бөлүмүнөн билдиргендей, кармоо иш аракеттери 31-июлда ишке ашкан. Кармалган жарандын жеке буюмдарын кароо маалында баштыкта жашыл зат табылган. Экспертизалык текшерүүлөрдөн кийин, аталган зат марихуана экени аныкталган.

Маалымдалгандай, бул иш боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүп жатат.

Кармалган жаран Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына кармалууда.

Пикир

Оставить комментарий