• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокенде 5 аял "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Ноокен районунун 5 тургуну "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча алдын алуу иш-чаралардын алкагында "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик-террористтик уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартуу улантылууда.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандары: 1967-жылы туулган А.А.Т., 1977-жылы туулган А.Т.К., 1978-жылы туулган Т.А.А., Р., 1979-жылы туулган Ю.Р.М. жана 2000-жылы туулган Х.Ш.Ш. аттуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышкан. Бул адамдар мурда "Хизб ут-Тахрир" ЭТУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып келишкен.

Жогоруда аталган жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.

УКМК тарабынан тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун катарына жаңы тарапкерлердин тартылышынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий