• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ноокенде аймактык оорукананын шарттары жакшырды

Аймак 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук аймактык ооруканасынын базасында кабыл алуу жана калыбына келтирүү бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышып, түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты.

Оорукананын калыбына келтирүү бөлүмүнүн курулушу республикалык жана райондун өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланып, 9 миллион сомго жакын каражат сарпталган.

Мындан сырткары, аймактык оорукананын кабыл алуу бөлүмү да жаңыланды. Анын имараты мындан 60 жыл мурда курулуп, эскилиги жеткен. Жыл сайын калктын санынын көбөйүшү менен аталган бөлүмдү кеңейтүү муктаждыгы жаралып келген. Пайдаланууга берилген имарат бардык заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалган. Ал "Ассалом" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган.

Облус башчысы бул калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо аракеттери экенин айтып, ага көмөктөшкөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий