• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокенде баңгизатын сактап, сатуу менен алектенген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.02.23./Кабар/. Ноокенде баңгизатын сактап, сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Белгиленгендей, Ноокен райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан аталган райондун аймагында Т. аттуу жаран баңгизатты ири өлчөмдө сатып таратуу менен алектенип жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип Ноокен районунун 65 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалган.

Шектүүнү кармоо учурунда анын унаасынан 1 грамм өзгөчө кескин жыты бар (гашиш) баңгизаты жана атайын белги коюлган акча каражаттары далил буюм катары алынган. Ошондой эле шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, болжол менен 40-45 грамм өзгөчө кескин жыты бар (гашиш) баңгизаты табылган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий