• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ноокенде дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Ноокенде дайынсыз болуп жаткан өспүрүм милиция тарабынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Жалал-абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун 1979-жылы туулган Ихтиер Юлдашев аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 4-февралынан бери 15 жаштагы уулу Исламбек үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун билдирип, аны табууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

Бул факты Ноокен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, багыттамалар жөнөтүлүп, издөө иштери башталган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында Исламбек Таш-Көмүр шаарында ата-энесинен жашынып жүргөн жеринен табылган. Ал ата-энесине өткөрүп берилди.

Исламбек ата-энесинин катышуусунда берген көрсөтмөсүндө 2022-жылдын 4-февраль күнү атасына таарынып, үйүнөн мектепке кеттим деп чыгып, кийин Таш-Көмүр шаарында соода-сатык дүкөндөрдө ар кандай жумуштарды жасап, өзүнүн курсагын тойгузуп, ата-энесинен жашынып жүргөндүгүн билдирген.

Өз кезегинде, Исламбектин ата-энеси баласы табылганына сүйүнүп жатышкандыгын, милиция кызматкерлерине ыраазы экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий