• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокенде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 67 өспүрүмдүн билим алуу укугу калыбына келтирилди

Аймак 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Ноокенде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 67 өспүрүмдүн билим алуу укугу калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан 2021-жылдын 25-мартында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мектеп курагындагы балдардын укуктарынын сакталышы боюнча Ноокен райондук билим берүү бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Тактап айтканда, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жаштагы Н.Ө. инклюзивдик ыкмада окууга жөндөмдүүлүгүнө карабастан, ушул күнгө чейин окууга тартылбай, баштапкы билим албай келгени тастыкталган.

Мындай жагдайда, КР «Балдар жөнүндө» кодексинин жана КР «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам талаптары одоно бузулууга учураган.

Ошондой эле, район айгмагында инклюзивдик тартипте билим алып жаткан 66 өспүрүмдүн билим алуусунун сапатына кайчылаш текшерүү жүргүзүлүп, анда сабактардын өтүүсү күндөлүктөгүдөй толук болбогону аныкталды.

Андыктан, райондук прокуратура тарабынан мыйзам талаптарынын бузулушун четтетүү жөнүндө Ноокен районунун билим берүү бөлүмүнө сунуш келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен орун алган мыйзам бузуулар четтетилген.

Мындан сырткары, тийиштүү 5 орто мектептин 5 директору менен 6 окуу бөлүм башчылары тартиптик жоопкерчиликке тартылып алдыда мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий