• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ноокенде эки унаа кагышып, үч адам каза болду, жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 01.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда 30-ноябрь күнү саат 23:08де жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкек-Ош унаа жолунун 498-чакырымында (Кыпчак-Талаа айылы) “Daewoo Nexia” жана “Mercedes Sprinter” унаалары кагышкан.

Кырсыктан жеринде бир эркек киши каза болгон. Ал эми 26 жана 22 жаштагы эки жигит ооруканадан каза болушкан. Мындан сырткары, 34 жана 26 жаштагы эки адам Кочкор-Ата шаардык ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий