• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокенде кар көчкүдөн электр энергия жабыркаган. Тазалоо иштери токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун "Даван тилкесинде" түшкөн кар көчкүнүн кесепетинен Токтогул ГЭСинен "Датка" көмөк чордонуна келген жогорку чыңалуудагы электр линиясы өткөн мамыча жабыркаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 25-февралда Ноокен районунда түшкөн кар көчкүдөн электр энергия үзгүлтүккө учураган. Учурда электр энергия башка линия аркылуу камсыздалууда.

"Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылган. 2-мартта Жалал-Абад облусунун аймагына "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилген. 3-март күнү тартылган техникалардын жардамында 4 чакырым жол тазаланды. Кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Андыктан жеринде акт түзүлүп, тазалоо иштери аба ырайы турукташканга чейин белгисиз мөөнөткө токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий