• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокенде кар көчкүдөн электр мамычанын жабыркашы. Тазалоо иши толугу менен аяктады

Кырсык 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун "Даван тилкесинде" түшкөн кар көчкүнүн кесепетинен Токтогул ГЭСинен "Датка" көмөк чордонуна келген жогорку чыңалуудагы электр линиясы өткөн мамыча жабыркаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 25-февралда Ноокен районунда түшкөн кар көчкүдөн электр энергия үзгүлтүккө учураган.

"Электр энергия башка линия аркылуу камсыздалган. Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылган. 2-мартта Жалал-Абад облусунун аймагына "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилген. 18-март күнү №118, №121 электр мамычаларына зымдар тартылып, иш толугу менен аяктаган. Тартылган техникалар 19-март күнү туруктуу ордуларына кайтышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий