• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокенде кар көчкү электр мамычаны жабыркатып, электр энергия үзгүлтүккө учураган

Аймак 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кар көчкү электр мамычаны жабыркатып, электр энергия үзгүлтүккө учураган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 25-февралда Алаш жайлоосуна баруучу жолдун Даван тилкесинде түшкөн кар көчкүнүн кесепетинен Токтогул ГЭСинен "Датка" көмөк чордонуна келген жогорку чыңалуудагы электр линиясы өткөн №120 "фаза А" электр мамычасы жабыркап, электр энергия үзгүлтүккө учураган.

Учурда электр энергия башка линия аркылуу камсыздалууда.

Кырсыктын кесепетин жоюу боюнча тиешелүү кызматтардан турган комиссия 1-март күнү Valor-Air компаниясынын тик учагы менен жеринде байкоо иштерин жүргүзүп, электр мамычасына баруучу болжол менен 15 чакырым унаа жолду тазалоо чечимине келишкен.

Унаа жолду тазалоо иши 2-март күнү башталат.

Пикир

Оставить комментарий