• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокенде киши өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Ноокенде киши өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:45де Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 26 жаштагы Н.С. аттуу жаран учтуу нерседен жараат алып, анын сөөгүн Ноокен райондук ооруканасына алып келинкендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Ноокен РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу, прокуратура кызматкерлери чыгышып, кароо жүргүзүлүп, кара түстөгү бычак далил буюм катарында алынган.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ноокен РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кылмыш ишинин изи суутпай ачылып, шектүү катары Ноокен районунун тургуну 27 жаштагы С.Ш. аттуу жаран кармалып, 2 айга камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдын 15-октябрына караган түнү Ноокен районунун тургундары 27 жаштагы С.Ш., 26 жаштагы Н.С. жана башка бир топ балдар менен биргеликте талаага эс алууга чыгышып, спирт ичимдигин ичишкендиги белгилүү болгон. С.Ш. менен Н.С. экөө ойноп күрөшүп жатышып урушуп кетишкендиктен С.Ш. ошол жердеги азык-түлүк туураган бычакты эч кимге билгизбей алып, Н.С.нын арткы тарабына бир жолу сайып жиберген. Натыйжада алган жараатынан улам Н.С. окуя болгон жерден ооруканага жетпей каза болгондугу такталган.

Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий