• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ноокенде коронавирустун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Ноокенде коронавирустун алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБдин кызматкерлери санэпидкөзөмөл борборунун жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавируска каршы профилактикалык иштерди алып барышууда. Карантин эрежелеринин сакталуусу, коомдук жайларда жарандардын медициналык каражаттарды колдонуусу текшерилүүдө. Кочкор-Ата шаарындагы базарларда, соода жайларында санитардык талаптардын сакталуусу көзөмөлгө алынып, кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмалары коюлду.

Район аймагындагы коомдук тамактануучу жайлардын абалы текшерилип, иштөө убактысына чектөөлөр коюлду. Жарандардын тамактануу учурунда аралыкты сактоосу, ашканалардын кире беришинде антисептикалык каражаттардын болуусу керектиги белгиленди.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды азыркы кырдаалга кайдыгер карабооого чакырышууда. Жугуштуу илдет күч алып жаткан мезгилде ар бир атуул жоопкерчиликтүү болуп, айтылып жаткан эрежелерди так сактоо зарылдыгы жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий