• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокенде коронавирустун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Ноокенде коронавирустун алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокен райондук ички иштер бөлүмү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Район аймагындагы базарда, соода жайларында санитардык эрежелердин сакталышы текшерилип жатат.

Милиция кызматкерлери сатуучуларды жугуштуу оорунун жайылышын болтурбоо үчүн тиешелүү нормаларды сактоого чакырышууда. Ар бир сатуучу оорунун жайылып кетүүсүнө кайдыгер карабай, санитардык талаптарды сактап, ооруну басаңдатуу зарылдыгы айтылууда.

Район аймагындагы эт сатуучу жайлар да көзөмөлгө алынып, мал жандыктарын союуда жана этин сатууда тиешелүү талаптар толук сакталуусу керектиги эскертилди. Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды жеке гигиеналык эрежелерди карманып, медициналык каражаттарды жанына алып жүрүүгө чакырышууда.

Пикир

Оставить комментарий