• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокенде куткаруучулар өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды сактап калышты

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Ноокенде куткаруучулар өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды сактап калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-сентябрда саат 09:27де Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылынын 44 жаштагы тургуну насостук станциянын башына чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылган.

Жерине Ноокен райондук №55 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, жаранды станциянын башынан түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий