• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокенде кылмыштуулук, диний-экстремизмдин алдын алуу багытында семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Ноокен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун, жаштар арасындагы укук бузуулардын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, диний-экстремизмдин алдын алуу боюнча семинар болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, семинарга Ноокен РИИБдин жана райондук администрациянын жетекчилиги, УКМКнын, социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл өкмөттөрдүн социалдык маселелер боюнча адистери, соцпедагогдор, айыл имамдары катышты

Иш-чаранын башталышында райондук милициянын начальниги Алтынбек Мусаев сөз сүйлөп, семинардын аталышы, мааниси тууралуу катышуучуларга түшүндүрмө берди. Ошондой эле ал катышуучуларды район аймагында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, сууга чөгүүлөрдүн, суициддин алдын алууда биргелешкен иш-чараларды күчөтүүгө чакырды.

Андан соң Ноокен районунун акиминин орун басары, балдар иши боюнча төрайым Зияда Юлдашева сөз сүйлөп, аталган иш-чарада учурдун эң актуалдуу маселеси талкууга коюлганын белгилеп, ушул сыяктуу семинарлардын көбүрөөк уюштуруп, сапатын мындан ары да жогорулатуу боюнча сунушун берди.

Андан соң Ноокен РИИБдин Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан даярдалган видеоролик көрсөтүлдү.

Милиция кызматкерлери семинардын катышуучуларын кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, диний-экстремизмдин алдын алууда кайдыгер карабоого чакырып, коомдук тартиптин сакталуусуна, кылмыштуулукка бөгөт коюуда милиция менен тыгыз кызматташууга, туура эмес диний агымдарга кошулуп калуудан алыс болууга үндөштү. Ошондой эле жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо керектигин эскертишти.

Семинар суроо-жооптор менен улантылып, катышуучулардын сунуштары кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий