• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокенде "Маданият" өткөрүү жайы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. 1-октябрь – жекшемби күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылындагы кыргыз – өзбек чек арасындагы "Маданият" автожол көзөмөл өткөрүү жайынын салтанатттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында облустук ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Эки мамлекеттин ортосундагы "Маданият" автожол көзөмөл өткөрүү жайынын салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев жана КРнын чек ара мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча чек ара башкармалыгынын башчысы – полковник Таалайбек Кожошев катышты.

Ал эми Өзбекстан Республикасы тарабынан Маданият чек ара көзөмөл өткөрүү жайынын салтанаттуу ачылыш аземине Андижан облусунун хокими Шухратбек Абдурахманов жана Пахта-Абад районунун хокими Фархадбек Хожиматов катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекте кол коюу аземинде: “Биздин чек араларыбыз эл эркин катташкыдай максималдуу ачык болушу керектигин, чек араларыбыз араздашуунун чек арасы гана болбостон жакшы коңшулаштыктын, достуктун дарбазасына айланууга тийиш” экендигин баса белгилеген. Алгач Жалал-Абад облусунун делегациясын Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Пахта-Абад районундагы Маданият айылынын тургундары улуттук керней-сурнайлардын коштоосунда нан, туз жана гүлдөр менен достук жаркын маанайында тосуп алышты.

"Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёев менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаев 5-6-сентябрда Бишкекте көп жылдардан бери чечилбей келген чек ара маселесинде тарыхый документке -- чек ара Келишимине кол коюшту. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ошол жолугушууда өзгөчө белгилеп кеткендей, кыргыз-өзбек эли Коконд хандыгында биргеликте жашап келишкен. Бүгүн тарыхый күн жана майрам деп айтсак жаңылбайбыз. Элдерибиз бул күндү чыдамсыздык менен аябай зарыгып күтүп келишкен. Эми коңшулаш өзбек жана кыргыз элдери Маданият көзөмөл өткөрүү жайынан эртең менен саат 7ден, кечки жетиге чейин жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Достугубуз түбөлүктүү болсун!",- деди Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун хокими Шухратбек Абдурахманов.

"2017-жылдын 19-сентябрында Ала-Бука районундагы Баймак көзөмөл өткөрүү жайы саланаттуу ачылган болсо, бүгүн Бүргөндү айылындагы Маданият көзөмөл өткөрүү жайы салтанаттуу майрамдык маанайда миңдеген кыргыз-өзбек элдерининин катышуусунда салтанаттуу ачылып жатат. Урматтуу өзбек туугандар, Сиздерди көп улуттуу Жалал-Абад облусунун элинин жана өзүмдүн атымдан Маданият көзөмөл жайынын расмий ачылышы менен чын дилимден куттуктаймын!",- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Пахта-Абад районунун Маданият айылынын тургундары Салыжан Темиров менен Насиба Абдулазизова чек ара көзөмөл жайынын ачылышы канатташ жана кандаш эки элдин көп жылдап зарлап күткөн үмүт-тилектери болуп келгендигин баса белгилешип, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Маданият айылынын элинин атынан терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Ноокен районунун Бүргөндү айылынын жүздөгөн тургундары Андижан облусунун делегациясын нан,туз жана гүл сунушуп, кыргыз ырларын жаңыртуу менен тосуп алышты. Миңдеген эл катышкан Маданият көзөмөл өткөрүү жайынын ачылыш аземине арналган салтанаттуу жыйында Өзбекстандык меймандарды эл дүркүрөгөн кол чабуулар жана овациялар менен жаркын маанайда тосуп алышты.

"Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тилкелеринин 85 пайызы эки мамлекеттин ортосундагы чек ара Келишимине ылайык Бишкекте чечилип, кол коюлду. Ошентип, кыргыз-өзбек элдеринин достугунда жаңы доор, жаңы кадам башталды. Достугубуз мындан ары дагы болоттой бекем болооруна терең ишенемин. Урматтуу мекендештер, мен азыр эле Өзбекстан Республикасынын Пахта-Абад районунун Маданият айылынын элин Маданият көзөмөл жайынын ачылышы менен кызуу кутуктадым. Жалал-Абад жана Андижан облусунун жетекчилери кыргыз-өзбек элдеринин карым-катнашын жакшыртуу, достугун бекемдөө жана маданият тармагында кызматташууну дагы күчөтүү боюнча мындан ары дагы биргеликте тыгыз иш алып барууну чечтик. Бүгүнкү тарыхый күн жана чоң майрам менен Сиздерди дагы бир жолу кызуу куттуктаймын, урматтуу мекендештер!",- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунан келген делегациянын өкүлдөрүн Бүргөндү айылынын жашоочуларынын атынан Марапат Исмаилова куттуктап, кадырман аксакал Алымжан Аталиев кыргыз-өзбек элдеринин ынтымакчылыгы түбөлүктүү болсун деп, ак батасын берди. Маданият көзөмөл жайынын ачылыш аземине келишкен Өзбекстандын делегациясынын өкүлдөрүнө Жалал-Абад облсунун жана Ноокен районунун маданият тармагынын өнөрпоздору кеңири программадагы концерт тартуулашты. “Эр достугу эгиз, эл достугу деңиз” дегендей кыргыз-өзбек элдери азыр достук менен ынтымакчылыкты бекемдөөгө ыкташа баштады. Ошентип, кыргыз-өзбек чек арасындагы Бүргөндү айылындагы Маданият көзөмөл жайы 1-октябрынан тарта жөнөкөйлөштүрүлгөн режимде иштей баштады.

Пикир

Оставить комментарий